Быйыл транспорт жана кыймылсыз мүлкүнө салыктар жокко чыгарылбайт

Быйыл транспорт жана кыймылсыз мүлкүнө салыктар жокко чыгарылбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, бардык төлөмдөр өз убагында кабыл алынат.

 

Салыктарды чогултуу боюнча эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Эске салсак, 1-сентябрга чейин транспорт салыгын, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төгүү керек.