Москвада эркек банк тоноого келип, бирок коркконунан качып кетти

Москвада эркек банк тоноого келип, бирок коркконунан качып кетти.

Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, кара кийимчен жана медициналык беткап

тагынган киши талон алуу үчүн терминалга жакындаган. Андан кийин ал кассирге келип кат берген.

Кассир кыз катты алып, артына кылчайып кесиптештерине караганда, эркек киши качып кеткен.

Белгилүү болгондой, катта “Бул тоноо… мен барыңарды жардырып кетем” – деп жазылган.

Максаты ишке ашпай калган адам Александр аттуу 33 жаштагы жумушу жок жаран экени аныкталды.