Быйыл бирдиктүү форма боюнча талап коюлбайт

Быйыл бирдиктүү форма боюнча талап коюлбайт. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, мындай чечим өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, менчик түрүнө карабастан бардык мектептер тиешелүү буйрукту аткарууга тийиш.

Кыргызстанда суу тартыштыгы бир нече жылга созулат

Кыргызстанда суу тартыштыгы бир нече жылга созулат. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында дээрлик 15 миллиард кубометр нымдуулук бар. Өкмөт башчы белгилегендей, 2021-жылы суунун көлөмү мындан да азайышы ыктымал. Мындан улам. бийлик көмүр, газ жана мазуттун запасын жетиштүү деңгээлде камсыздашы керек. Каражат… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 104 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 104 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ушуну менен өлкө боюнча короновирус жана пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 42 миң 983 адамды түздү.

Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Telegram каналында жаңы функция пайда болду. Мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргендей, эми анда комментарий, ой-пикир калтырса болот. Ал үчүн тиркемени жаңылоо керек. Комментарийлер чатка окшош болот, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелет. Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, GIF сүрөттөрдү да жиберүүгө болот. Ошондой… Кененирээк…

Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду

Бишкектеги “Кайыңды” конушунда бала бакча пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, курулуштун жалпы аянты 155 чарчы метрди түзөт. Имарат бир кабаттуу, анда ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык зал, ашкана каралды. Бардык коммуникациялар туташтырылды. Долбоорго 6 миллион 700 миң сом каралган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.

Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлиги карамагына алуу пландап жатат

Талас облусундагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлиги карамагына алуу пландап жатат. Ведомстводон билдиришкендей, министр Азамат Жаманкулов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү ортосунда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу маселеси талкууланды. Кошумчаласак, музей экспонаттарга бай, анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар.… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча 768 отун жана көмүр сатуу базаларын ачуу пландалууда

Кыргызстан боюнча 768 отун жана көмүр сатуу базаларын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек ЖЭБинде 242 миң тоннадан ашык көмүр бар. Анын бир бөлүгү былтыркы жылдын калдыгы. Ал эми Ош ЖЭБинде 20 миң тонна кара отун жана… Кененирээк…

Париждин тургуну батиринин жер төлөөсүнөн 500 миң евро таап алды. Parisien басылмасы билдиргендей, Анна батирди сатыкка даярдоо үчүн риелторлорго берген. Процесстин жүрүшүндө ага тиешелүү жер төлө боюнча маселе жаралган. Ал документ боюнча аялдын карамагында болгону менен иш жүзүндө башка бирөө колдонуп, кулпу салып койгон. Каалгасын… Кененирээк…

Банкроттук иштер боюнча департаменттин кызматкери 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Банкроттук иштер боюнча департаменттин кызматкери 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, директордун орун басары уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Администратор ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча иштерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам… Кененирээк…

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, көзөмөл күчөтүлүп, коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлдү. Анын алкагында, Кара-Суу районундагы жана Дыйкан-Кыштак айылындагы ресторандарда эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле чектөөлөргө карабай, массалык иш-чараларды, той-аштарды белгилөө токтобой… Кененирээк…