Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады

Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады. 30 жаштагы эркек пандемиядан кийин жумушсуз калып, ата-энесиникине көчүп келген. Аял уулун кол кабыш кылат деп үмүттөнгөнү менен, ал кечке сыналгынын алдында видео оюндарды ойноп жатып алган.   Андан кийин аял бир тууганын чакырып, баласын… Кененирээк…

Кыргызстанда октябрь айы жаанчыл болот

Кыргызстанда октябрь айы жаанчыл болот. Синоптиктердин айтымында, жаан-чачын нормадан көбүрөөк түшөт. Аба-ырайынын орточо нормасы 9-11 градусту түзөт. Айрым аймактарда 6 градуска чейин үшүк жүрөт.   Эгер октябрдын жарымы жылуу болсо, экинчи жарымы суук болот, — дешти Кыргызгидрометтен.

Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ал ошондой эле өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.   Сыйлык медиктерге, куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине жана журналисттерге берилди.

Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн

Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурга карата Токтогул суу сактагычында дээрлик 15 миллиард кубометр нымдуулук бар. 2021-жылы суунун көлөмү андан дагы азайышы мүмкүн, — деди премьер.   Андыктан, бийлик азыртан көмүр, газ жана мазуттун жетиштүү запасын… Кененирээк…

“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды

“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды. Футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Дордойчулар” чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.   Александр Крестининдин шакирттери бүгүн мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин “Алга” клубун 5:1 эсебинде утуп алды.   Муну менен “Дордой”… Кененирээк…

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп анын 7-апрель-Достоевский көчөлөрүн камтыган тилкеси тууралуу болуп жатат.   Трасса колдонууга берилгенден кийин ал аркылуу Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин шаарды кесип өтүүгө мүмкүн болот. Белгилеп кетсек, Лев Толстой көчөсүнүн аталган бөлүгүн буга… Кененирээк…

Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 50 пайызга аяктады

Нарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 50 пайызга аяктады. Турмуштун маалыматына ылайык, имарат 70 орунга чакталат. Медициналык жай жеңил конструкциялардан салынып, Нарындын аба-ырайынын шарттары эске алынууда.   Эске салсак, оорукунанын курулушу ушул жылдын августунда башталган.

Партиялардан акча алган 5 жаран жоопкерчиликке тартылды

Партиялардан акча алган 5 жаран жоопкерчиликке тартылды.   Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, мындай бузуу үчүн 1 миң сомдон 5 минге чейин айып каралган. Бирок добуш берүүчү партиялардан акча же башка баалуу буюм алганын мойнуна алса, жоопкерчиликтен бошотулат. Башкы көзөмөлдөөчү орган башка арыздар боюнча дагы фактыларды… Кененирээк…

Өкмөт кийинки жылга бюджеттеги чыгашаларды кыскартууну караштырып жатат

Өкмөт кийинки жылга бюджеттеги чыгашаларды кыскартууну караштырып жатат. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, 2020-жылы киреше күтулгөндөй болгон жок.   Мунун айынан бюджет дефицити 7 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн.   Андыктан, каражат эң зарыл иш-чараларга гана багытталат. Анын ичинде коммерциялык банктарга пайыздары субсидиялоо, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү,… Кененирээк…

Талас райондук үй бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды

Талас райондук үй бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, жумуштардын басымдуу бөлүгү жыйынтыкталды. Учурда ички жасалгалоо иштери аткарылууда. Мекемени калыбына келтирүү былтыр августта башталган. Долбоорго “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан 44 миллион сом бөлүнүп берилген.