Жол инспекторлору айдоочуларга кар жаай электе дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштайт. Жаан-чачын жана суук түшкөндөн кийин жайкы шиналар менен жүрүү кооптуу, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.
Эске салсак, синоптиктердин божомолунда Бишкекте аба-ырайы келе жаткан дүйшөмбү, 9-ноябрда бузулат.