Мэрия башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

Мэрия башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен колго түшүрүлдү. Жетекчи кызматты ээлеп турганда Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда 70 миллион сомдук келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн.… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги мектептерде окуу процессин жандантууга 3 вариантты сунуштап жатат

Билим берүү министрлиги мектептерде окуу процессин жандантууга 3 вариантты сунуштап жатат. Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдиргендей, биринчиси окуучулардын саны 300гө жетпеген мектептерде бардык класстар кадимки режимде сабактарды улантат, экинчиси 600гө чейин окуучусу бар мектептер этабы менен класстарды ачса… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинин абанын булганышына тиешеси жок

Бишкек ЖЭБинин абанын булганышына тиешеси жок. Бул тууралуу жылуулук-энерго борбордун директору Андрей Воропаев билдирди. Ал ишендиргендей, ЖЭБде жыл сайын электрофильтрлерди оңдоо жүргүзүлөт. Жаңы блоктордо тазалоонун жаңы системасы орнотулган, ал 99 пайызга тазалоого жөндөмдүү. Мындай жабдуу дүйнөдө бир нече объектте гана бар. Азыркы тапта жаңы түтүктүн… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 512 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 512 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 118, Ошто 110, Таласта 8, Чүйдө 57, Нарында 2, Ысык-Көлдө 23, Жалал-Абдда 108, Баткенде 86 бейтап ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен өлкөдө 52 миң 855 адам коронавирусту жеңди.

Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту

Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту.   Самбо.ру сайтынын маалыматына ылайык, коло медалды биздин капчыкка 57 килограмм салмак категориясында чыккан Жусуп Шакиров, күмүш медалды 68 килограмм салмакта килемге чыккан Феликс Уланбеков алып келди. Эске салсак, самбо боюнча дүйнө чемпионаты ушул… Кененирээк…

Индиядан сейрек кездешүүчү кара түстөгү жолборсту байкашты

Индиядан сейрек кездешүүчү кара түстөгү жолборсту байкашты. Уникалдуу жаныбар менен жергиликтүү тургун кадрларды жаратты. Негизинен жолборстун түсү сарыгычтан кара түскө өтөт, ал эми бул жырткычта кара өң басымдуулук кылат. Мындай айкалыш – генетикалык кемчиликтен улам. Андан тышкары, аталган жаныбар өзү теңдүүлөргө караганда көлөмү кичине. Эксперттер… Кененирээк…

Жалал-Абадда рейд өткөрүлүп, иштеп жаткан коомдук тамактануу жайлары аныкталып жатат

Жалал-Абадда рейд өткөрүлүп, иштеп жаткан коомдук тамактануу жайлары аныкталып жатат. Мэриядан билдиришкендей, бардык кафе-ресторандарды жабуу чечими кабыл алынганына карабай, 2 чайкана жана компьютердик клубдар иштеп жатканы аныкталып, ээлерине айып салынды.   Андан тышкары, алардын электр энергиясы жана суусу өчүрүлдү.   Эске салсак, өткөн жумада Жалал-Абадда… Кененирээк…

Нарын облусунун Баш-Кууганды айылында футбол талаасы пайдаланууга берилди

Нарын облусунун Баш-Кууганды айылында футбол талаасы пайдаланууга берилди. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, оюн аянтчасында спорттук мелдештер өткөрүлө баштады. Курулуш иштерине 1 миллион 600 миң сом сарпталды. Каражат айыл өкмөт тарабынан жана түрткү берүүчү гранттан бөлүнүп берилди.

Корея Кыргызстанга 300 миң долларга гуманитардык колдоо көрсөттү

Корея Кыргызстанга 300 миң долларга гуманитардык колдоо көрсөттү. Биздин өлкөгө 12 санарип рентген-аппарат, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана   50 термометр жеткирилди.   Соода жана инвестицияны алдыга жылдыруу корей агенттиги жабдууларды жеткирүүгө жардам берди. Ошондой эле Кыргызстандын лабораториялык кызматына биоматериал чогултууга 5 смарт-кабина алынып келинди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык компанияларга  1 миллиард 2 миллион сом карыз

Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык компанияларга  1 миллиард 2 миллион сом карыз. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, министрлик жыл аягына чейин карызды жабууга аракет кылат. Бирок азырынча, бюджетте мындай суммадагы акча жок, — деди министр.   Бейшеналив белгилегендей, фармацевтикалык компаниялар карызды… Кененирээк…