Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми жергиликтүү тургундар паспортту каттоо, ПИН кодду алуу, “балага сүйүнчү” пособиесин алуу үчүн жана ЗАГСка документ тапшыруу кызматтарын бир жерден ала алышат. Жалпысынан каттоо кызматтарынын 35 түрү жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, жаңы калкты… Кененирээк…

Эми Бишкек тургундары жана коноктору Ак үйдүн аймагында сейилдей алат

Эми Бишкек тургундары жана коноктору Ак үйдүн аймагында сейилдей алат. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жана президент администрациясынын имараты эки капталынан гана тосулат, ал эми алды толук ачык болот, жарандарга чектөө коюлбайт.   Учурда алынып жаткан… Кененирээк…

Бишкекте каармандар катышкан сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкектин Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөcүнүн кесилишинде сүрөт көргөзмөсү болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, фото долбоору бир ай мурун түзүлгөн. Анда кызматкерлер советтик сүрөтчүнүн сүрөттөгү каармандарына айланган. Көргөзмө саат 15:00дөн 17:00гө чейин өтөт.   «Биз жумушчуларыбыздын сүрөттөрүн чоң… Кененирээк…

АКШда президенттик шайлоодогу добуштарды саноо уланууда

АКШнын бир нече штатында бул өлкөдөгү 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө уланууда. Республикачылардын талапкери, азыркы президент Дональд Трамп добуштарды кайра санатарын айтып жатат.   Демократтар партиясынын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден маанилүү деп эсептелген Мичиган жана Висконсин штаттарында көп добуш алганы айтылды.   АКШда шайлоонун… Кененирээк…

Бишкекке 40 кайың тигилди

Бишкектин Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан «Балалык» паркына 40 кайыңдын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. Ал Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Александр Воротниковдун жаркын элесине арналган. Воротников июлдун аягында пневмониядан улам каза тапкан. Бүгүн ал эмгектенип кеткен башкармалыктын… Кененирээк…

2020-жылдын өзгөртүлгөн бюджеттик долбоору жарыяланды

Финансы министрлиги 2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун расмий сайтына жарыялады. Сунушталган долбоордо бюджеттин киреше бөлүгү мамлекеттик гранттарды эске алуу менен 137 миллиард 131,4 миллион сом деп белгиленген. Муну менен июнь айында бекитилген бюджетке салыштырмалуу 1 миллиард 784 миллион сомго азайды. Башкача айтканда, ушул сумма… Кененирээк…

Окумуштуулар адамдын оюу ишке аша турганын тастыкташты

Окумуштуулар адамдын оюу ишке аша турганын тастыкташты. Физик Борис Исаков билдиргендей, ой биз каалаган таасирди бере алат. Мисалы, жакшы ойдун ооруну дарылоого чоң колдоосу бар.   Окумуштуу ошондой эле, адам оюнун массасын иликтеп, бир ой 10-30 граммды түзө турганын аныктады.

Россиянын эң күчтүү адамы аталган Эльбрус Нигматуллин рекордун жаңыртты

Россиянын эң күчтүү адамы аталган Эльбрус Нигматуллин рекордун жаңыртты. Эркек 36 тонналык учакты ордунан жылдыра алды. Рекорд Уфа эл аралык аэропортунда орнотулду. Нигматуллин Boeing 737-500 учагына өзүн трос менен байлап, аны 25 метрге чейин сүйрөп барды.   Бул рекорд үчүн ага болгону 44 секунд талап… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Каралаев, Юнусалиев, Тыныстанов, Жумабек, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Кара-Жыгач конуштарында жана Ленинское, Маевка, Лебединовка айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бүгүн Ак үйдүн имаратынын тосмолору алынып баштайт

Бүгүн Ак үйдүн имаратынын тосмолору алынып баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Иштер саат 10до “Тазалык” муниципалдык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.   5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу бир нече маселе көтөрүлгөн. Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.