Корея Кыргызстанга 300 миң долларга гуманитардык колдоо көрсөттү. Биздин өлкөгө 12 санарип рентген-аппарат, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана 50 термометр жеткирилди.
Соода жана инвестицияны алдыга жылдыруу корей агенттиги жабдууларды жеткирүүгө жардам берди. Ошондой эле Кыргызстандын лабораториялык кызматына биоматериал чогултууга 5 смарт-кабина алынып келинди.