Кыргызстанда доллар арзандоо багытында

Кыргызстанда доллар арзандоо багытында. Акыркы суткада америкалык валюта дагы 1 сомго баасын жоготуп, бүгүн 81 сом 70 тыйындан сатып алынып, 82 сом 10 тыйындан сатылууда. Муну менен доллар бир жумада дээрлик 3 сомго арзандады. Аны менен катар евронун баасы дагы бир аз төмөндөдү, учурда ал… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акча октябрда дароо көбөйдү

Кыргызстанга которулган акча октябрда дароо көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир айда мигранттар өлкөгө 226 миллион 200 миң доллар которушту. Бул сентябрга салыштырмалуу 21,5 пайызга көп. Жалпысынан жыл башынан бери өлкөгө 1 миллиард 995 миллион доллар келди. Бул былтыркы жылдын аталган мөөнөтүнө салыштырмалуу 2,4 пайызга… Кененирээк…

Эл аралык футбол федерациясы бүгүн жыл сайын тапшырылчу сыйлык ээлерин аныктайт

Эл аралык футбол федерациясы бүгүн жыл сайын тапшырылчу сыйлык ээлерин аныктайт. Ал 11 номинация боюнча, анын ичинде мыкты футболчу жана тренер белгилүү болот. Иш-чара пандемиядан улам алгачкы ирет онлайн форматында өтүп жатат.

Бишкекте балаты базары иштеп баштады

Бишкекте балаты базары иштеп баштады. Ал жылдагыдай эле  Медеров жана 7-апрель көчөлөр кесилишинде жайгашат, — деп билдиришти мэриядан. Ордо калаа тургундары андан Тянь-Шань жана тикенектүү көк арчаларды, туя, пихта жана башка көптөгөн дарактын түрүн таба алышат. Ийне жалбырактуу бактар тамыры менен сатылууда. Аны майрамдан кийин… Кененирээк…

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирет. Анын айтымында, бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын токтотуу боюнча иш жүргүзүлдү, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Товарларды дүңүнөн сатуучулар жана жарманкелерди уюштуруучулар менен жүргүзүлгөн… Кененирээк…

Россияда быйыл пандемиядан улам мигранттар эки эсе азайды

Россияда быйыл пандемиядан улам мигранттар эки эсе азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө Россияда 6 миллион 300 миң мигрант бар. Буга чейин алардын саны 11 миллионго чейин жетип келген. Карантиндик чектөөлөрдөн улам Россия бийлиги чет өлкөлүктөрдүн келишине тыюу киргизген. Буга байланыштуу… Кененирээк…

Россияда кумшекер жана өсүмдүк майынын жогорку чектеги баасы орнотулду

Россияда кумшекер жана өсүмдүк майынын жогорку чектеги баасы орнотулду. Аталган продукциялардын баасын турукташтыруу жана төмөндөтүү боюнча макулдашуу айыл-чарба жана өндүрүш министрликтери, соода түйүндөрү жана өндүрүүчүлөр ортосунда жетишилди. Андыктан, кумшекердин килограммы 46 рублдан, майдын литри 110 рублдан өйдө көтөрүлбөшү керек. Макулдашуу 2021-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.

Бишкекте 3 күндүк жарманкеде эт арзан баада сатылат

Бишкекте 3 күндүк жарманкеде эт арзан баада сатылат. Продукцияларды төмөн баада сатуу жарманкеси 17-19-20-декабрда ордо калаадагы 7-кичирайондогу жана Горький Алма-Ата көчөлөр кесилишиндеги 2 ири соода борборлорунда өтөт — деп билдиришти айыл-чарба министрлигинен. Маалыматка караганда, ал жерлерде уй эти 390 сом, тоок эти 135 сомдо жеткиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болду.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болду. Ал чехиялык спортчуну 8:2 эсебинде утуп алды. Жуманазарова буга чейин квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык сбалбандардан мыкты экенин көрсөткөн. Эске салсак, Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да чемпион аталды.

Жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга салынган айыптын суммасы жогорулады

Жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга салынган айыптын суммасы жогорулады. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Жаңы токтомго ылайык, жапайы жаныбарларды жана Кызыл китепке кирген айбанаттарга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга жаныбардын базардагы наркынан 10 эсе жогорку баа менен айып салынат. Документ… Кененирээк…