Ошто коронавирустан эмдөө башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, эң биринчиден болуп вакцинаны шаардын саламаттыкты сактоо боюнча координатору, анын орун басарлары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери алышты.
Биринчи этапта эмдөө ошондой эле билим берүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жасалат.
Жалпысынан, Ошко кытайлык Синафарм вакцинасынын 300 дозасы жеткирилди.