Ош облусунун Терек айылында 14 жаштагы баланы издөө иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өспүрүм 2-апрелде мал жаюуга кеткен.
Белгилүү болгондой, аталган күнү бала жүргөн жерге болжолдуу түрдө түшкү 13:30да кар көчкү түшкөн.
Күнүнө 30 куткаруучу, 10 милиция жана жергиликтүү 70 тургун издөө иштерин жүргүзүп жатат.