Ош облусунун аймагында 21-сентябрда саат 22:54тө очогунда күчү 3 баллга
жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун
маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Кара-Суу районунун
Социализм айылында, Өзгөн районунун Курбу-Таш, Куршаб айылдарында
2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн
жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.