Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат

Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат. Алдыдагы 3 күндө өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт – карга айланган жаан жаап, жолдорго муз тоңот. Андыктан, авариялык абалдарды алдын алуу максатында айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек.   Ал эми тоолуу аймактарга сапар ала турган… Кененирээк…

Кыргызстандыктар казакстандык QazVac препараты менен эмделип баштады

Кыргызстандыктар казакстандык QazVac препараты менен эмделип баштады.   Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, 18 жашка чейинки жарандар бардык эмдөө түйүнүнө келсе болот.  Эске салсак, QazVac препараты өлкөгө ушул жылдын 28-июлунда жеткирилген.

Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдын баасын арзандата турган сунуштар менен бөлүштү

Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдын баасын арзандата турган сунуштар менен бөлүштү.   Ведомтсво министрлер кабинетине акциз салыгынын ставкаларын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгесин сунуштады.   Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет.   Мисалы, бензин 3 сом 70… Кененирээк…

Чүй облусунда өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган эки кароолчу күйүк алып, ооруканага түштү

Түндө Чүй облусунда имараттан чыккан өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган эки кароолчу күйүк алып, ооруканага түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Виноградное айылында мурдагы шарап заводунун аймагында механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан менчик цехтин ичиндеги таштанды, мазут жана дөңгөлөк күйгөн. Өрттөнгөн… Кененирээк…

Кыргызстандык арбитр Нурдин Букуев FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды

Кыргызстандык арбитр Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин башкы калыс катары тейлегени үчүн FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирип, сыйлоо аземинин видеосун чыгарды. Кечинде мелдештин финалында Аргентина менен Португалиянын курама командалары кездешкен. Португалия 2:1 эсебинде утуп,… Кененирээк…

Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада күн чыгып турат, абанын температурасы +13…15ке чейин жогорулайт. Эртең асманды ала булут каптап, күн суук болуп, кечинде жамгыр жаайт. Ал эми шаршембиге караган түнү кар жаап, -3 градуска жеткен суук болот. Күндүз термометр… Кененирээк…

“Менин үйүм 2021-26” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду

“Менин үйүм 2021-26” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, кеп, бюджеттик тармактын кызматкерлери үчүн “Жеңилдетилген ипотека”  багытындагы арыздар тууралуу болуп жатат. Суроо-талаптын чоң болгонуна байланыштуу өнөктөш-банктар катышуучуларды керектүү өлчөмдө кабыл алышты. Ал эми  бардык категория үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багытындагы арыздарды… Кененирээк…

Ош мамлекеттик университети 5 кабаттуу жаңы окуу корпусун курат

Ош мамлекеттик университети 5 кабаттуу жаңы окуу корпусун курууга ниеттенүүдө. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган. Курулушка 16,4 миллион сом жумшоо пландаштырылган. Тендердин шартына ылайык, аукционго катышуучу 150 миллион сомдон кем эмес суммадагы курулушта тажрыйбасы болушу шарт.

Россияда iPhone 13 рекорддук көрсөткүчтө сатылды

Россияда iPhone 13 рекорддук көрсөткүчтө сатылды. Коммерсант жарыялагандай, өткөн жумада эле жаңы моделдин сатылышынан түшкөн киреше 5 миллиард 300 миллион рублдан ашты. Сатуучулардын айтымында, жаңы iPhone 13кө  суроо-талап күтүлгөндөн үч эсе жогору болууда. Бул Apple продукциясын сүйүүчүлөр 2020-жылы жаңы телефондорду сатып албоону чечкени менен байланыштуу.… Кененирээк…

Кыргызстанга октябрда 420 миң доза вакцина келет

Кыргызстанга октябрда 420 миң доза вакцина келет. Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында,  Pfizer 259 миң дозада, AstraZeneca 50 миң жана Sinopharm препаратынын 110 миң дозасы жеткирилет. Pfizer вакцинасын сактоо үчүн -70 градусту кармаган муздаткыч келди. Вакциналар өлкө боюнча колдонулат.… Кененирээк…