Кыргызстанга октябрда 420 миң доза вакцина келет

Кыргызстанга октябрда 420 миң доза вакцина келет.

Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору

Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында,  Pfizer 259 миң дозада,

AstraZeneca 50 миң жана Sinopharm препаратынын 110 миң дозасы жеткирилет.

Pfizer вакцинасын сактоо үчүн -70 градусту кармаган муздаткыч келди.

Вакциналар өлкө боюнча колдонулат. Ишенапысова белгилегендей,

учурда өлкөдө вакцина жетиштүү өлчөмдө.