Кыргызстандыктар казакстандык QazVac препараты менен эмделип баштады

Кыргызстандыктар казакстандык QazVac препараты менен эмделип баштады.

 

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, 18 жашка чейинки жарандар бардык эмдөө түйүнүнө келсе болот.  Эске салсак, QazVac препараты өлкөгө ушул жылдын 28-июлунда жеткирилген.