Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдын баасын арзандата турган сунуштар менен бөлүштү

Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү-майлоочу материалдын баасын арзандата турган сунуштар менен бөлүштү.

 

Ведомтсво министрлер кабинетине акциз салыгынын ставкаларын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгесин сунуштады.

 

Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет.

 

Мисалы, бензин 3 сом 70 тыйынга, ал эми дизель майы  4 сом 80 тыйынга арзандайт, — дешти ассоциациядан. Бирикменин эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса мунай иштетүү тармагы 2021-жылы салыктар планын толугу менен жабат.