Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада

күн чыгып турат, абанын температурасы +13…15ке чейин жогорулайт.

Эртең асманды ала булут каптап, күн суук болуп, кечинде жамгыр жаайт.

Ал эми шаршембиге караган түнү кар жаап, -3 градуска жеткен суук болот.

Күндүз термометр мамычалары +2…3 градуста кармалат. Кара аралаш

жаан күн бою жаайт. Кайра бейшемби жана жумада күн чыгып, жылуу болот.