Кыргызстандын борбордук аймактарына жылуу аба-ырайы 12-октябрдан тартып кайтып келет.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, кийинки жумадан тартып аба-ырайы кескин өзгөрөт.
Асмандан булуттар тарап, жаан-чачын токтойт. Бирок түнкүсүн +5 градустан жогорулабайт.
Күндүз абанын табы жагымдуу болуп, +15 градуска чейин жогорулайт.
Мындай аба-ырайы октябрдын аягына чейин сакталат.