Бишкекте «Мектеп лигасы» улуттук программасы расмий ачылды

Бишкекте «Мектеп лигасы» улуттук программасы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. «Мектеп лигасы» программасын ишке киргизүүнүн максаты — окуучулардын арасында массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу. Анын алкагында  спорттун 3 командалык түрү ишке кирет: атайын даярдыкты талап кылбаган футбол, волейбол жана баскетбол.… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда ноябрда жаңы мектеп ачылат

Баткен облусунун Лейлек районунда ноябрда жаңы мектеп ачылат. Учурда эки кабаттуу, 225 окуучуга чакталган имараттын курулуш иштери 85 пайызга аткарылды, — дешти  Архитектура жана курулуш агенттигинен. Эмеректер менен жабдуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда. Объектте окуу корпусу, ашкана, спорттук зал жана өтмө галерея бар. Долбоордун… Кененирээк…

Бишкекте ПЦР-тестти арзан тапшыруу үчүн жаңы түйүн ачылды

Бишкекте ПЦР-тестти арзан тапшыруу үчүн жаңы түйүн ачылды. Жаңы пункт Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында ишке киргизилди. Кабыл алуу Фрунзе көчөсү 535 дарегинде жүргүзүлөт жана ПЦР-тесттин баасы 788 сомду түзөт. Түйүн дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары жумасына 7 күн иштейт.… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешти шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешти шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр. Аны менен катар шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплекстүү мерчеми иштелип чыкты. Ведомстводон эскертишкендей, жарандар соцтармак жана мессенджерлердеги чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болушу керек. Мындай фактыга күбө… Кененирээк…

БШКда жаңдоо тили менен түз байланыш номери уюштурулду

БШКнын CALL-борборунда 0996-550-011-255 вотсап номеринде угуусу жана сүйлөөсүндө кемчилиги бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында жандоо тили менен видео байланыш иштей баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты жарыялады. Маалыматка караганда, Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу… Кененирээк…

Бишкекте автобус кырсыкка учурап, 15 адам ооруканага жеткирилди

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинин «Киргизия-1» конушунун аймагында № 8 автобустун айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. «Тез жардам» кызматынын маалыматында, 15 киши ооруканага жеткирилди. Алардын төртөө жаш балдар. Олуттуу жаракат алгандар жок.

Бишкекке жылуу аба-ырайы көпкө болбосо дагы кайтып келет

Бишкекке жылуу аба-ырайы көпкө болбосо дагы кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең эле термометр мамычаларынын көрсөткүчү кайрадан жогорулап баштайт.   Аба табы +12 градуска чейин жылып, шамал болбойт. Ал эми жекшембиде 14 градуска дейре жылуу болот. Жаан бүгүн гана себелейт. Кийинки жуманын аягына чейин жаан-чачын… Кененирээк…

Монголия Кыргызстанга элчи дайындады

Кыргызстанга биринчи жолу Монголиянын элчиси дайындалганын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министр Руслан Казакбаев жаңы дайындалган элчи Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн кабыл алды. Казакбаев Башкы консулдукту элчиликке айландыруу чечими үчүн моңгол тарапка ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле жакын арада… Кененирээк…

Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россияга иштеш үчүн бара турган жарандарга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү эрежеси кире турганын эскертти. Маалыматка караганда, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта 2021-жылдын 1-июлунда кабыл алынган «Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу» жана «Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү» жөнүндөгү федералдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр… Кененирээк…

Аида Касымалиева Жогорку Кеңеш төрагасынын милдетин аткарат

Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканына байланыштуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин төраганын орун басары Аида Касымалиева аткара турганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.   24-октябрда Боршайком Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду кызматынан кетпегенине байланыштуу талапкер катары каттаган… Кененирээк…