Аргентинанын улуттук командасы 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына өттү

Аргентинанын улуттук командасы 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык

баскычына өттү. Түштүк Америкада тандоо раундунун 14-турунун алкагындагы беттеште

Аргентиналыктар Бразилиянын футболчулары менен беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады.

Муну менен Аргентина курамасы дүйнө биринчилигинин финалдык баскычына жолдомо

алды. Жыйынтыктоочу беттештин эсебинде 13 курама команда бар.