Москва мамлекеттик университетинин Ош шаарындагы филиалынын курулушу аяктады

Москва мамлекеттик университетинин Ош шаарындагы филиалынын курулушу аяктады. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти. Маалым болгондой, имарат жаңы окуу жылында ачылат деп пландалууда.

 

Белгилеп кетсек, бул жерде студенттер акысыз негизде билим алат. Ал эми негизги сабактарды Москвадан келген педагогдор окутушат. Михаил Ломоносов атындагы Россиянын эң абройлуу университетинин Кыргызстандагы филиалын ачуу маселеси 2014-жылдан бери талкууланып келет. Алгач аны Бишкекте куруу пландалганы менен кийинчерээк Ош шаарында ачуу чечими кабыл алынган.