Ошто дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады

Ошто дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда кара отун Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Араван райондорунда сатылууда. Жеткиликтүү баадагы көмүр жакынкы арада башка райондордо дагы сатылып баштайт.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, бир үй-бүлө   2 тоннадан ашык кара отун ала албайт. Ал эми Бишкекте 3 миң сомдук көмүр учурда 2 кампада сатылып жатат.