Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору дайындалды

Медет Бейшенкулов Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырган. Бейшенкулов буга чейин аталган борбордун реанимация бөлүмүн жетектеп турган. Министрликтин… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 29-ноябрда саат 22:42лер чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Канжыга айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын Орказган, Канжыга айылдарында жер… Кененирээк…

Твиттердин башкы директору Жек Дорси кызматтан кетет

«Твиттер» компаниясынын башкы директору Жек Дорси кызматынан кетип жатканын америкалык CNBC телекмопаниясы билдирди. Бул маалыматты Reuters агенттиги өз булактарына таянып тастыктады. Директорлор кеңеши бул чечимге былтыртан бери даярданып, мураскердин талапкерлигин Дорси менен макулдашканы айтылууда. Жек Дорси Твиттерден тышкары, Square электрондук төлөмдөрдү иштетүүчү компанияны да жетектейт. 2020-жылы… Кененирээк…

АКШнын Нью-Йорк шаарында эртең жаңы жылдык башкы балатынын оту жанат

АКШнын Нью-Йорк шаарында эртең жаңы жылдык башкы балатынын оту жанат. Кыш сулуусу Манхэттенде Рокфеллер борборундагы аянтка орнотулду. Анын бийиктиги 24 метрди түзсө, салмагы 12 тоннага жетет. Балаты 50 миң ар түрдүү лампа менен кооздолду. Таажысына 3 миллион Swarovski кристаллдары капталган жарым тонналык жылдыз тагылды.

“ПСЖ” клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2021-жылкы «Алтын топ» сыйлыгына ээ болду

“ПСЖ” клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2021-жылкы «Алтын топ» сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты «France Football»  – европа футболундагы мыкты оюнчуга ыйгарат. Месси үчүн бул алтын топ карьерасындагы жетинчиси. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2 жылдык тыныгуудан кийин Парижде өттү. Ал эми добуш берүүдө Мессиден кийин экинчи орунда “Бавариянын”… Кененирээк…

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо качан өтөрү айтылды

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо качан өтөрү айтылды. БШК мүчөсү Кайрат Маматовдун айтымында, учурда добуштарды кол менен саноо жүрүүдө. Андан улам маалыматтар дагы өзгөрүп жатат. Автоматтык эсептөө урналарынын жана кол менен саноонун жыйынтыгы бирдей чыгып, Биринчи май жана Свердлов райондорунунун округунда “барына каршы” графасы көп… Кененирээк…

Синоптиктер жагымдуу жаңылыктары менен бөлүшөт

Синоптиктер жагымдуу жаңылыктары менен бөлүшөт. Бишкекте декабрдын башталышы абдан жылуу болот. Жакынкы күндөрү ордо калаада термометр мамычалары 10…14 градуска чейин жогорулайт. Жекшембиде бир аз суук болот, ал бир сутка кармалат. Асманды ала булут каптайт. 6-декабрдан тартып кайрадан жылуу күндөр кайтып келет.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Долон айылында коньки тебүү сезону башталды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Долон айылында коньки тебүү сезону башталды. Жыл сайын Долон көлү табигый жол менен өзү тоңот. Муз аянтчада хоккеисттер жана коньки тебүүнү сүйүүчүлөр ойнойт. Долон көлүнүн узундугу — 2,5  чакырымды түзөт. Туурасы – 350 метр болсо, тереңдиги – 25-30 метрге жетет. Жыл… Кененирээк…

Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы кызыл зона бойдон калат

Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы кызыл зона бойдон калат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, аймактардагы коронавируска карата ачылган айрым бөлүмдөрдө эки-үч гана адам дарыланууда. Бюджетти үнөмдөө максатында алар бириктирилет. Калгандары кадимди режимде ишин улантат. Эске салсак, буга чейин 1-декабрдан тарта… Кененирээк…

1-декабрдан тарта өлкө аймагына киргендерден милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат

1-декабрдан тарта өлкө аймагына киргендерден милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат. Министрлер кабинети кабыл алган чечим чет элдик жарандарга жана кыргызстандыктарга тиешелүү. Эми өлкөгө кирген жарандан эмделген сертификатынан тышкары ПЦР-тестинин терс жыйынтыгы талап кылынат. Мындай чара өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө максатында… Кененирээк…