Айрым шайлоо тилкелериндеги добуштар кайра саналат

Айрым шайлоо тилкелериндеги добуштар кайра саналат.

БШК кабыл алган чечимге ылайык, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана

Ысык-Көл облустарындагы  13 участоктогу добуштар жаңыдан эсептелет.

Кайра саноо процессине саясий партиялардын байкоочулары жана журналисттер

катыша алат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү.

Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 депутаттын ордуна 88 эл өкүлү келет.

Буга бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы көп

добуш алганы себеп. Аларда кайра шайлоо белгиленет.