БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарат

БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарат. Комиссия төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, айрым тилкелерде добуштардын бардыгы саналып бүттү.   Бишкектеги эки округда “баарына каршы” графасы алдыга чыккан. Андыктан, Биринчи май жана Свердлов райондорунда 1 айдын ичинде кайра шайлоо дайындалышы керек. Эске салсак, Жогорку… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал туруктуу

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыш келгенден кийин вирус жугуу учурлары кескин кыскарды.   Эгер жайында күн сайын коронавируска кабылгандардын саны  1 миңге жетип атса, декабрдын башталышы менен алардын саны 50нүн тегерегинде катталууда.   Соңку эки күндүн статистикасы андан дагы… Кененирээк…

2022-жылы бюджеттен 39 миллиард сом карыздарды төлөөгө сарпталат

2022-жылы мамлекеттик карыздарды төлөөгө бюджеттен 39 млрд. сом сарпталат. Бул тууралуу 13-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.   Министрдин айтымында, 39 млрд. сомдун 26,6 млрд. сому тышкы карызды төлөө үчүн каралган.   Мамлекеттин ички карызын тейлөөгө 2022-жылы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жаңы жыл алдында эки ирет жабыла учкан топ жылдызды көрүшөт

Декабрь айында эки метеорит агымынын активдүүлүгү жогорку чегине жетет. Биринчиси — Геминиддер. Ар жылы боло турчу күчтүү агымдардын бири. Быйыл ал 7-декабрда башталган, активдүүлүктүн туу чокусу 14-декабрга караган түнгө туш келип, саатына 120 метеорго чейин жетет. Метеориттер аябай жарык болуп, жер атмосферасы аркылуу тез-тез учуп… Кененирээк…

Ушул жумага карата аба-ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти

Ушул жумага карата аба-ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти. Адистердин айтымында, бүгүнтөн тартып ордо калаада абанын температурасы төмөндөйт. Бүгүн +8 градус болсо, бейшембиде 0гө чейин түшөт. Түнкүсүн суук болот. Бирок жума, 17-декабрдан тартып кайрадан күн жылыйт. Күндүз +15…17 градус болсо, түнкүсүн +3…5 градустан төмөндөйбөйт. 25-декабрга… Кененирээк…

2 жумадан кийин унааны акысыз кайра каттоо акциясы аягына чыгат

2 жумадан кийин унааны акысыз кайра каттоо акциясы аягына чыгат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, улуттук кампания 31-декабрга чейин созулат. Буга чейин унааны кайра каттоодо транспорттун тарифтик негизде бекитилген базардагы орточо баасынын 1 пайызы мамлекетке төлөнчү. Эми унаа ээлери кайра каттоодо кызмат көрсөтүү үчүн гана 498… Кененирээк…

Бишкекте өрт-өчүрүү – куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды

Бишкекте өрт-өчүрүү – куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, долбоор кореялык эксперттер менен кызматташуунун алкагында ишке ашат. Ушул эле программанын алкагында өрт-өчүрүү – куткаруу бөлүмүнүн жаңы имараттары Чолпон-Атада, Ошто жана Жалал-Абад облусунун Сузак айылында пайда болот. мекемелер өрткө каршы техника… Кененирээк…

Чүй облусундагы жогорку чыңалуудагы “Алтын казык” көмөк чордонунун курулушу аяктоо алдында турат

Чүй облусундагы жогорку чыңалуудагы “Алтын казык” көмөк чордонунун курулушу аяктоо алдында турат. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, объект “Дордой”, “Эне-Сай”, “Дордой 2”, “Теңдик”, “Келечек”, “Мурас ордо” жана башка конуштарды электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жардам берет. Белгилеп кетсек, подстанциянын курулушу совет маалында куруу пландалган. Бирок… Кененирээк…

Индиялык Харнааз Сандху аалам сулуусу аталды

Индиялык Харнааз Сандху «Аалам сулуусу – 2021» эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталды. 21 жаштагы сулуу Чандигарх шаарында жашайт жана модель болуп иштейт. Бул тууралуу сынактын «Twitter» баракчасында жарыяланды. Сынктын финалы Израилде Кызыл деңиздин жээгинде өттү. Индиялык сулууга таажыны сынактын мурдагы жеңүүчүсү мексикалык Андреа Меса… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 миллион 102 миң адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 4 миң 829 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 187 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 642 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 160 миң 316 адам… Кененирээк…