Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 12-декабрда саат 18:22де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана… Кененирээк…

Ош – Баткен – Ноокат унаа жолу калыбына келтирилет

Ош – Баткен – Ноокат унаа жолу калыбына келтирилет. Ноокат районуна тиешелүү 47 чакырым аралыкка асфальт төшөө пландалууда. Бул болжолдуу түрдө Зулпуков айыл аймагынан Төөлөс айылына чейинки 27-75-чакырым болот. Жолго асфальт төшөө менен бирге тротуар тушүрүлүп, көчө жарыктандырылат. Ошондой эле жумуштар аяктагандан кийин жол 4… Кененирээк…

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде келишим акысы 3 жыл көбөйбөйт жана өзгөрбөйт

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде келишим акысы 3 жыл көбөйбөйт жана өзгөрбөйт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, ата-энеси жок жана алардын багуусунан ажыраган балдарга, ошондой эле майыптыгы бар жарандарга тиешелүү. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Американын 6 штатында торнадо катталды

Американын 6 штатында торнадо катталды. Бул тууралуу РИА Новостинин Telegram каналы билдирди. Бороон-чапкын АКШнын чыгыш тарабын, анын ичинде Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптаган. Жаратылыш кырсыгы Кентуккиде 70 кишинин өмүрүн алган, ошондой эле Теннессиде үч жана Иллинойсто алты адам каза тапты. ЖМКлардын жазышынча,… Кененирээк…

Россиядан жумуш издегендер боюнча Кыргызстан 3-орунда турат

Россиядан жумуш издегендер боюнча Кыргызстан 3-орунда турат. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин статистикасына караганда, 2021-жылы январдан сентябрга чейин Россияга иштегени барган мигранттардын саны боюнча биринчи катарда Өзбекстан жайгашат – 3 миллиондон ашык. Экинчиде 1,5 миллион адам менен Тажикстан турат. Россиядан жумуш издеген кыргызстандыктар 600 миң болсо,… Кененирээк…

Ош шаардык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаардык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Медициналык мекеменин төрөт бөлүмүнүн имараты калыбына келтирилет, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Имараттын электр, жылуулук тармактары, суу түтүктөрү, айнек терезелери, чатыры толук жаңыланат. Ар бир бөлүмгө жуунучу кабиналар орнотулуп, жаңы эмерек коюлат. Иштерге Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 8,5 миллион… Кененирээк…

Нарын шаарында жаңы жылдык балаты орнотулду

Нарын шаарында жаңы жылдык балаты орнотулду. Кыш сулуусу Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта тургузулду. Анын бийиктиги 12 метрге жетсе, диаметри 5 метрди түзөт. Жаңы жылдык башкы символу 2019-жылы мэрия тарабынан сатып алынган. Жаңы балаты сатып алууга муктаждык жок болгондуктан, быйыл бул максатта акча бөлүнгөн жок,… Кененирээк…

Талас облусунун Манас районунда жаңы медициналык мекеме ачылды

Талас облусунун Манас районунда жаңы медициналык мекеме ачылды. Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Эски аймактык оорукананын бир бөлүгү демөөрчүлөрдүн жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Иштерге жалпысынан 7 миллион 200 миң сом жумшалды. Жаңы бөлүмдө 30 бейтап дарылана алат.

Эл аралык олимпиада комитети алдыңкы спортчуларга жайкы 2024-Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн ай сайын 1,5 миң доллардан берет

Эл аралык олимпиада комитети алдыңкы спортчуларга жайкы 2024-Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн ай сайын 1,5 миң доллардан берет. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, стипендияга жыйынтык көрсөтө турчу спортчулар илине алат. Учурда бул акчаны кыргызстандан 12 спортчу алса болот. Эл аралык… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда, быйыл октябрда чет өлкөдөгү мигранттар республикага 252 миллион доллар которушту. Бул сумма бир ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 14,6 пайызга аз. Сентябрда өлкөгө 295 миллион доллар которулган. Анын ортосунда акча которуулар 2020-жылдын октябрына караганда… Кененирээк…