2022-жылы бюджеттен 39 миллиард сом карыздарды төлөөгө сарпталат

2022-жылы мамлекеттик карыздарды төлөөгө бюджеттен 39 млрд. сом сарпталат. Бул тууралуу 13-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

 

Министрдин айтымында, 39 млрд. сомдун 26,6 млрд. сому тышкы карызды төлөө үчүн каралган.

 

Мамлекеттин ички карызын тейлөөгө 2022-жылы 12,7 млрд. сом, 2023-жылы 13,5 млрд., 2024-жылы 18,8 млрд. сом бөлүү каралган.

2022-жылдын республикалык бюджетинин такталган тартыштыгы 9 ,1 млрд. сом деп болжолдонууда. Бул ички жана тышкы булактардын эсебинен жабылары айтылды.

 

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.