Кыргызстанда коронавирус боюнча абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыш келгенден кийин вирус жугуу учурлары кескин кыскарды.
Эгер жайында күн сайын коронавируска кабылгандардын саны 1 миңге жетип атса, декабрдын башталышы менен алардын саны 50нүн тегерегинде катталууда.
Соңку эки күндүн статистикасы андан дагы аз – 34 жана 26 адам. Мындай жакшы жыйынтыкка карабай, медицина кызматкерлери беткап режимин жана коопсуз аралыкты сактоо керек экенин эскертет. Ошондой эле, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү маанилүү.