Бишкек мэриясында коомдук унаалардын тарифтери кайра каралууда

Бишкек мэриясында коомдук унаалардын тарифтери кайра каралууда. Үй-бүлөдө бир нече мектеп окуучусу болгондордон сунуштар түшүп жатат, бул маселе эске алынат, — деп билдирди  вице-мэр Максат Сазыкулов. Учурда бул суроо активдүү талкууланууда. Бирок качан чечилери белгисиз, — деп белгиледи вице-мэр. Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-ноябрдан тартып маршруттук… Кененирээк…

Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө 15 миллиард сом каралды

Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө 15 миллиард сом каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди. Ошондой эле ирригациялык тармакты жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүндү. Ал эми үрөн сатып алууга 1,5 миллиард сом каралууда. Бул максатта тиешелүү макулдашуулар жетишилди. Андан тышкары, минералдык жер… Кененирээк…

Ордо калаа көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз аткарылууда

Ордо калаа көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз аткарылууда. Муниципалитеттин маалыматына караганда, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки саат 7ден тартып 133 көчөдө иштеп жатат. Жумуштарга 18 техника жана 650 кызматкер тартылды. Жолдордо коопсуз кыймыл үчүн 60 тонна техникалык туз себилди.

Жалал-Абад облусунда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун берилет

Жалал-Абад облусунда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун берилет. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 3 миң тоннадан ун облустун район-шаарларына бөлүштүрүлүп жатат. Жардамды калктын аярлуу катмарына туура бөлүштүрүү максатында атайын комиссиялар түзүлдү. Азык Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүндү.

Бишкекте калкты жана турак-жай фондун каттоодо иштей турган кызматкерлерди окутуу башталды

Бишкекте калкты жана турак-жай фондун каттоодо иштей турган кызматкерлерди окутуу башталды. Семинар  Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек боюнча райондук, облусттук статистика органдарынын кызматкерлери үчүн 3 күнгө созулат, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Семинарда өнөктүк боюнча кеңири маалымат берилип, процесс учурунда коронавирусту алдын-алуу чаралары… Кененирээк…

Кыргызстанда 63 миллион долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда

Кыргызстанда 63 миллион долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм жетекчиси Толкунай Таалайбекова билдирди. Анын айтымында, долбоорлордун ишке ашышы менен кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт. Андан тышкары, дагы 190 миллион сомго 11 долбоорду ишке… Кененирээк…

Бишкекте жаап жаткан кар кечинде гана басылат

Бишкекте жаап жаткан кар кечинде гана басылат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада аба табы 0дөн жогору көтөрүлбөйт, ал эми түнкүсүн 6 градус суук болот.   Жолдордо муз тоңот. Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактоо сунушталат. Бирок мындай туруксуз аба-ырайы көпкө саозулбайт, эс… Кененирээк…

Туруксуз аба-ырайына карабай, Бишкек-Ош унаа жолу кыймылга ачык

Туруксуз аба-ырайына карабай, Бишкек-Ош унаа жолу кыймылга ачык. Бул тууралуу бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Төө-Ашууда кар тынбай жаап, бороон болуп жаткандыктан, унаалар 500 метр аралык менен гана өткөрүлүүдө.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Унаа жана жолдор министрлиги кооптуу тилкелерде нөөмөт жүргүзүп,… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания кыргызстандыктарды шылуундардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырат

Мамлекеттик ипотекалык компания кыргызстандыктарды шылуундардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырат. Соңку кездерде жарандардан насыя алууга жардам берүү үчүн жана кезекти алдыга жылдыруу үчүн акча сурагандар боюнча билдирүүлөр түшүп жатат.   Мамлекеттик ипотекалык компаниядан белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу боюнча процесс толугу менен автоматташтырылган жана ага эчким кийлигише… Кененирээк…

Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында 10-апрелде айрым шаардык кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт

Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында 10-апрелде айрым шаардык кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, добуш берүү жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү соңуна чыккандыктан белгиленди. Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүүгө мыйзамдуулукту камсыздоо, керектүү каражатты табуу тапшырмасы берилди.