Ордо калаа көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз аткарылууда

Ордо калаа көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз аткарылууда.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, “Тазалык” муниципалдык

ишканасынын кызматкерлери эртең мененки саат 7ден тартып 133 көчөдө

иштеп жатат. Жумуштарга 18 техника жана 650 кызматкер тартылды.

Жолдордо коопсуз кыймыл үчүн 60 тонна техникалык туз себилди.