Россиянын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстан банктарына таасирин тийгизбейт
Россиянын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстан банктарына таасирин тийгизбейт. SWIFT – бул банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык система. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү SWIFT системасына түздөн-түз туташтырылган. Учурда өлкөдөгү коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат. Кардарларга кызматтардын толук түрү көрсөтүлүүдө.