Учурда карантин жарыяланган Кытайдын Шанхай шаарында робот-иттер иштеп жатат

Учурда карантин жарыяланган Кытайдын Шанхай шаарында робот-иттер иштеп жатат. Алар жарандарга келип, коронавируска каршы чараларды карманууну эскертип турат.   Төрт буттуу аппарат шанхайлыктарга мегафон аркылуу инфекцияны алдын алуу эрежелери тууралуу айтып берет.

Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот

Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, эртең, 7-апрелде Апрель революциясынын күнү белгиленгендиктен, эс алуу жарыяланат.   Ал эми мыйзам боюнча, майрамдын алдында иш күнү 1 саатка кыска болот. 8-апрель, жума күнү кыргызстандыктар кайрадан жумушка чыгат.

Кыргыз-кытай чек арасындагы түйүндөр кадимки тартипте иштеп баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы түйүндөр кадимки тартипте иштеп баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, кечээ “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү аркылуу унаалар жана жүк өткөрүлгөн жок.   Бул Кытайда белгиленүүчү улуттук майрамга байланыштуу болду.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо бүгүн жыйынтыкталат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо бүгүн жыйынтыкталат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан эскертишкендей, мектеп бүтүрүүчүлөрү  кечкиге чейин ЖРТга каттала алат.   Андан кийин олуттуу себептер менен каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча катталуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер www.testing.kg сайтынан онлайн түрүндө же салттуу форматта катталса болот. Белгилеп кетүүчү… Кененирээк…

Бишкектин калкты тейлөө борборлоруна эми Соцфонддун суроолору боюнча дагы кайрылса болот

Бишкектин калкты тейлөө борборлоруна эми Соцфонддун суроолору боюнча дагы кайрылса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Камсыздандырылган жарандар борбордон бир катар кызматтар менен колдоно алат, анын ичинде пенсияга чыгуу, пенсиянын көлөмүн кайра эсептөө, күбөлүк же маалымкат алуу. Бул кызматтар азырынча жумушчу… Кененирээк…

ВКонтакте жана Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров россиялык эң бай адамдардын ичинен 3-орунга жайгашты

ВКонтакте жана Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров россиялык эң бай адамдардын ичинен 3-орунга жайгашты. Рейтингди Forbes басылмасы түздү. Дуровдун байлыгы 15 миллиард 100 миллион доллар.   Ал эми биринчи орунду Владимир Лисин 18 миллиард 400 миллион доллары менен ээлесе, экинчиде 17 миллиард байлыгы менен Владимир Потанин жайгашат.

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан   кечки 6га чейин жарык Курчатов, Гагарин, Бөкөнбаев, Байтик баатыр, Чуйков, Рыскулов, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, 6-кичи райондун бир бөлүгүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Бишкекке дипломатиялык жүк жөнөттү

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Бишкекке дипломатиялык жүк жөнөттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.  Россия коронавируска 180 миң изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттерди жөнөттү.   Тиешелүү келишим дипломатиялык өкүлчүлүк менен Роспотребнадзорго караштуу «Эпидемиологияны илимий-изилдөө борбордук институту» ортосунда жетишилген.

УКМК 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экенин аныктады

УКМК 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экенин аныктады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тизмеде Жогорку Кеңештин 3 депутаты,               1 министр, 2 судья, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр жана вице-мэрлер бар.   Жасалма… Кененирээк…

Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров 105 миң үйдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, документтин максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.   Мыйзам мамлекет тарабынан жерге болгон менчик укугун бекитүү маселесин жөнгө салат. Эске салсак, документке ылайык,… Кененирээк…