Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, эртең, 7-апрелде Апрель революциясынын күнү белгиленгендиктен, эс алуу жарыяланат.
Ал эми мыйзам боюнча, майрамдын алдында иш күнү 1 саатка кыска болот. 8-апрель, жума күнү кыргызстандыктар кайрадан жумушка чыгат.