Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Курчатов, Гагарин, Бөкөнбаев, Байтик баатыр, Чуйков, Рыскулов, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, 6-кичи райондун бир бөлүгүндө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.