Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун жалпы узундугу 186 чакырымга жетет

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун жалпы узундугу 186 чакырымга жетет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Абдес Анарбеков билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата темир жолдун 500 метрден ашык тилкеси төшөлдү. Иштер толугу менен 2030-жылга чейин аяктайт деп… Кененирээк…

АКШ тургунуна унаанын номери байлык алып келди

АКШ тургунуна унаанын номери байлык алып келди. Эркек 8 лотерея билетин сатып алып, алардын көбүнө агасынын машинесинин номерин жазган. Жыйынтыгында, ал 25 миң доллардын ээси болуп калды.   Эми ал утушунан ошол агасынын унаасын оңдоого акча бөлүп берүү ниетинде.

Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги каттоо жыйынтыкталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги каттоо жыйынтыкталды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан эскертишкендей, сынактын өзү 23-майдан 28ине чейин өтөт.   Негизги каттоодо жетишпей калгандар үчүн тестирлөөгө 1 күн калганда мүмкүнчүлүк берилет. Бүтүрүүчүлөр тест борборлоруна 22-майда барышы керек болот. Белгилеп кетүүчү нерсе – жогорку окуу жайга… Кененирээк…

Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек  11-апрелде ачылат

Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек  11-апрелде ачылат. Novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Балдары быйыл   1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек.   Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укук алды

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укук алды. БШК маалыматына ылайык, Ош облусунда – 118, Нарында 43, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 294 жана Чүйдө 266 жаран арыз берген.   Алар ар кандай себептер менен тилкеден тышкары 9-апрелде добуш берет. Эске салсак, келе жаткан… Кененирээк…

Мамлекеттик компаниялар эми сатып алуулар порталынан тендер өткөрүүгө милдеттүү эмес

Мамлекеттик компаниялар эми сатып алуулар порталынан тендер өткөрүүгө милдеттүү эмес. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды. Демилге министрлер кабинетине таандык.   Документке ылайык,  50 пайыздан ашык акциялары мамлекетке таандык акционердик коомдору гана тизмеден чыгарылат.   Белгилеп кетсек, коммерциялык сырды сактоо максатында компанияларды жана… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө бүгүн түштөн кийин катуу шамал болот

Бишкек жана Чүйдө бүгүн түштөн кийин катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына  15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Жарандарга  жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.

Бала бакчаларга электрондук кезек 11-апрелде ачылат

Бала бакчаларга электрондук кезек 11-апрелде ачылат. Ата-энелер балдарын эртең мененки саат 9дан баштап мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаздырып баштаса болот, — дешти Билим берүү министрлигинен.   Эске салсак, алгач Бишкек, Ош шаарларынын жана Ысык-Ата районунун бакчаларында, андан кийин Токмок, Жалал-Абад, Сүлүктүдө сыноо иретинде электрондук… Кененирээк…

Доллар курсунун серпилүүсү уланууда

Доллар курсунун серпилүүсү уланууда. Өткөн жумада кунун бекемдеген америкалык валюта кечээ позициясын кайрадан жогото баштады – 95 сомдук чекке жеткенден кийин, кайра арзандап баштады.   Коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары учурда долларды 87 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 89 сомго сатышууда.… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Көлбаев, Элебесов, Салиева, Курманжан Датка, Фрунзе, Орозбеков, Москва, Бөкөнбаев, Исанов көчөлөрүндө, Таш-Дөбө, Мраморное, Көк-Жар, Пригородное, Беш-Күнгөй айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.