Аймактарга каттаган коомдук транспортторго 135 миң сом айып салынды

Аймактарга каттаган коомдук транспортторго 135 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектен Бостери, Каракол, Чолпон-Ата, Ананьево, Нарын жана башка аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган машурттук унаалар текшерилди. Анда каттамга чыгардан мурун наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтпөө, коомдук унаанын талапка… Кененирээк…

УБ: Өлкөдө накталай доллардын жетишсиздиги спекуляциядан улам келип чыкты

Кыргызстандын ички валюта рыногунда накталай доллар жетишсиз болгондуктан, жарандар банктардан да, акча алмаштыруучу жайларынан дагы чет элдик валютаны сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валюта тартыштыгын банктарда накталай акчага айлантып, өлкөдөн сыртка алып чыгуучу рублди жана накталай… Кененирээк…

Бишкектеги мектептерде 1-класска каттоо үчүн 12 миңден ашык орун калды

Бишкектеги мектептерде 1-класска каттоо үчүн 12 миңден ашык орун калды. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов билдирди. Эске салсак, баланы мектепке электрондук каттоо ушул жылы 11-апрелде башталган. Башында бул өнөктүк жарандын жашаган жериндеги каттоосу боюнча жүргүзүлсө, экинчи этапта катталган жеринен… Кененирээк…

Быйыл Бишкек ЖЭБине болжол менен 2-2,5 миң тонна көмүр керектелет

Быйыл Бишкектин Жылуулук электр борборуна болжол менен 2-2,5 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан ырасташты. Маалыматка ылайык, жакын арада ЖЭБге 1 миллион 50 миң тонна кара отун сатып алуу боюнча тендер жарыяланат. Анын алкагында, көмүр жергиликтүү Кара-Кечеден ташылат.… Кененирээк…

Нарынды өнүктүрүүгө Швейцария 6 миллион доллар берет

Нарынды өнүктүрүүгө Швейцария 6 миллион доллар берет. Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен такташкандай, долбоор климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын коркунучуна каршы турууга жардам берүү максатын көздөйт. Анын алкагында, Теңир-Тоо калкына, инфраструктурасына жана экономикасына колдоо көрсөтүлөт. Беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети коомдук фонд менен биргеликте ишке ашырат.

Россияда өзүнүн “Евровидениеси” пайда болот

Россияда өзүнүн “Евровидениеси” пайда болот. Ыр сынак ноябрда Сыктывкар шаарында өтөт. Аны Россиялык жаштар бирикмеси уюштурат. Катышуучулар таланттуу студенттер арасынан тандалып алынат.   Сынак бир нече этаптан турат. Ал эми калыстар тобуна белгилүү продюсер жана музыканттар кирет, — деп маалымдайт РИА Новости.

Бишкектен “Манас” аэропортуна атайын автобустар кое берилет

Бишкектен “Манас” аэропортуна атайын автобустар кое берилет. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова билдиргендей, аталган каттам боюнча коомдук транспорт ушул айдын аягынан тартып күнү-түнү жарым саат сайын жүрөт.   Алдын ала маалыматка караганда, автобустарда жол киренин баасы 150 сом болот. Белгилеп кетсек, буга чейин… Кененирээк…

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда бүгүн жана эртең унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда бүгүн жана эртең унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 23-24-июнда Ысык-Көл районунун аймагында чет элдик делегациялардын башчыларынын катышуусунда Түрк парламенттик ассамблеясынын 11 пленардык жыйыны өтөт.   Андан улам облустун тургундары… Кененирээк…

Таласта нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү

Таласта нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кокту-колоттон аккан суу Көпүрө – Базар айылынын тургундарынын үйлөрүн каптады.   Селдин кесепеттерин жоюуга ведомствонун ыкчам тобу жана 16 куткаруучу тартылды. Тазалоо иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жайдын курулушу башталды

Кыргызстанда туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл 21 түйүн ачылса, 2023-жылы алардын саны 68ге жетет.   RestPoint – бул саякатчылар жана туристтер үчүн токтоочу жай. Бул жерден алар суусундуктарды ичип, эс алып,… Кененирээк…