Аба-ырайына байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат

Кыргызстанда күтүлүп жаткан аномалдуу ысыкка байланыштуу Жол кайгуул кызматы айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштайт. Ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачыранды болуп, реакциясы кыйла начарлайт. Ведомстводогулар мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат, деп эскертет. Буга чейин маалымдалгандай, 27-июндан 30-июнга чейин Кыргызстанда 40 градуска чейин ысык болушу… Кененирээк…

Токтогулда суунун көлөмү 11 млрд 866 куб метрди түздү

Бүгүн, 27-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 866 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 23 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 403 куб метрге жетүүдө.

Кыргызстанда абанын табы 40 грудуска чейин ысыйт

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын табы 40 грудуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 30-июнга чейин ысык аба-ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө +36…38 гардуска, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө +38…40ка чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, өрттү… Кененирээк…

Бишкектин мектептерине электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бүгүн саат 9дан баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, бул убакыттан тарта ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орун бар мектептерге балдарын каттай алат. Андан тышкары, буга чейин электрондук каттоого тургандар экинчи этапта өздөрү каалаган мектептен бош орун табылып… Кененирээк…

Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы кайра жанданды

Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы кечээ кайра иштей баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Эске салсак, 24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам “Жел-Арык” тилкесинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган. Кийин поезд… Кененирээк…

Бишкектин “Арча-Бешик-2” конушунда жаңы мектеп курулуп жатат

Бишкектин “Арча-Бешик-2” конушунда жаңы мектеп курулуп жатат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, имарат 500 орунга ылайыкталган. Анда окуу корпусу, спорттук залы, коомдук тамактануу бөлүмү каралган. Курулуш иштерин жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалууда. Окуу процессинин толук кандуу өтүшү үчүн мектеп бардык шарттар жана эмеректер… Кененирээк…