Учурда Бишкекте катталып жаткан аптаптуу ысыктан сактануу жолдору айтылды

Учурда Бишкекте катталып жаткан аптаптуу ысыктан сактануу жолдору айтылды. Синоптиктердин маалыматына ылайк, Кыргызстанда июндун соңку күндөрү өтө ысык болот.   Андыктан, жарандарга күндүз зарыл жумушу жок болсо сыртка чыгуудан баш тартып, сейилдөөгө таңга маал же кечкисин гана чыгуу сунушталат. Жанында таза суу алып жүрүү керек.… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Ал эми мыкты көрсөткүч — 235 упайды Бишкектин №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү алды.   Жогорку баллга ордо калаадан 35 окуучу, Ош облусунан  7, Ысык-Көлдөн 5, Чүйдөн 4, Баткенден 3, Нарындан 2 окуучу жана Жалал-Абаддан 1 окуучу… Кененирээк…

Кыргызстанда жеке менчик клиникалар текшерилет

Кыргызстанда жеке менчик клиникалар текшерилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, рейдди Саламаттыкты сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жүргүзүүдө.   Эске салсак, буга чейин ведомство талаптарга жооп бербеген 111 менчик клиника жабыла турганын жарыялаган. Андан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары… Кененирээк…

Кыргызстанга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 100 миллион доллар бөлүп берет

Кыргызстанга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 100 миллион доллар бөлүп берет. Каражаттын бир бөлүгү кредит болсо, калганы кайтарымсыз негизде. Акча Баткен жана Ысык-Көл облустарында таза суу системасын жакшыртууга багытталат.   Долбоор 2028-жылга чейин 31 айылды камтыйт. Программанын алкагында азыркы системаларды оңдоо жана жаңыларын куруу каралат. Донор… Кененирээк…

Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана венгер жазуучусу Шандор Лежакка ТҮРКСОЙдун алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун баш катчысы Султан Раев маалымдады.   Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги грантка тез жардам жана реанимация унааларын сатып алат

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына Евразия өнүктүрүү банкы 3 миллион доллар грант бөлөт. Бул тууралуу министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, ведомство каражатты унааларды сатып алууга жумшоону пландоодо. “Биз санитардык авиация кызматына 14 миң доллардан 70 унаа сатып алууга 1 миллион доллар коротууну көздөп… Кененирээк…

Күтүлүп жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда күтүлүп жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, куткаруучулар учурда Сузак районунун Көк-Арт дарыясы, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун Кара-Дарыясы жана Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясындагы көйгөйлүү аймактарга көңүл бурушууда. Буга чейин маалымдалгандай, 27-июндан 30-июнга чейин Кыргызстанда 40 градуска… Кененирээк…

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө 70тен ашык тосмо алынат

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө 70тен ашык тосмо алынат. Мэриянын маалыматына караганда, аталган көчөдө жол реконструкцияланат. «Муниципалитет тарабынан буга чейин чектен чыгып кеткен үй ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, талап аткарылган эмес” — деп айтылат билдирүүдө. Мындан улам, тосмолор муниципалитет тарабынан демонтаждалат.  

Өлкөдө кыска мөөнөттүү 60 мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылууда

Кыргызстанда балдар үчүн кыска мөөнөттүү 60 мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылууда. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор үч жаштан беш жашка чейинки 3 миңден ашык баланы камтыйт. Алар негизги, кошумча өнүктүрүү жана билим берүү программалары боюнча окута турганы белгиленди. Мектепке чейинки билим берүүнүн мындай… Кененирээк…

Таластын Кара-Буура районун Айтматов деп өзгөртүү сунушталууда

Өкмөт Таластагы Чымгент айылын ушул конушта туулган Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин урматына Чолпонбай айылы деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Мындан тышкары, Талас облусунун Кара-Буура районун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атына өзгөртүү сунушталууда. Бирок бул демилге социалдык тармактарда бир топ нааразычылык жаратып жатат.