Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасы жакшыртылат

Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасы жакшыртылат. Тиешелүү келишим Мамлекеттик курулуш агенттиги жана француз компаниясы ортосунда жетишилди. Ага ылайык, программаны Азиялык өнүктүрүү банкы каржылап, 50 миллион доллар бөлүп берет.

 

Каражат канализациялык тазалоочу курулуштарды салууга жана насостук станцияларды орнотууга багытталат.

 

Андан тышкары, катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча объектилерин жакшыртуу каралууда, — дешти Мамлекеттик курулуш агенттигинен.