Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

11-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жер титирөө саат 03:33тө катталган.

 

«Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп билдирди министрлик.