“Барселонанын” жетекчилиги Лионель Мессини кийинки жылы кайтаруу ниетинде

“Барселонанын” жетекчилиги Лионель Мессини кийинки жылы кайтаруу ниетинде. Учурга карата “Барса” аргентиналык футболчу менен кызматташуунун ар кандай варианттарын караштырып жатат.   Месси үчүн “Камп Ноу” стадионунда салтанатуу тартуулоо аземин уюштуруп, клубдун амбассадорунун ролун сунушташат. Ошондой эле, форварддын ПСЖ менен келишими аяктаган соң, аны “Барселонага” расмий… Кененирээк…

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактар жанданды

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактар жанданды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда 21-сентябрда өткөн сынактан 212 талапкерден 54 адам же 21 пайызы гана тиешелүү упай топтой алды.   Бул жумада тестирлөө Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтөт. Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, өлкөнүн… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө октябрда башталат

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө октябрда башталат. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аба-ырайынын кескин алмашуусуна туура келген октябрь-ноябрь айларында адатта өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйөт.   Вакцинаны сатып алууга жарыяланган… Кененирээк…

Лейлек жана Баткен райондорунун эвакуцацияланган тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот

Лейлек жана Баткен райондорунун эвакуцацияланган тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Өз алдынча жете албагандар үчүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт уюштурат.   Эми чек арада тынчтык орнойт, — деп ишендирди Ташиев.   Ал… Кененирээк…

Disney күйөрманы мультфильм каармандарынын сүрөтү менен кийимдерди сатып алууга 278 миң рубль коротту

Disney күйөрманы мультфильм каармандарынын сүрөтү менен кийимдерди сатып алууга 278 миң рубль коротту. The Mirror басылмасынын маалыматына ылайык, 32 жаштагы Ребекка Дэй 2018-жылы Париждеги Диснейлендке барып, ошондон бери күйөрман болуп келет.   Ал каармандардын сүрөтү менен байпактарды, оюнчуктарды, кийим, жаздык жана башка көптөгөн буюмдарды сатып… Кененирээк…

Россия кайтарымсыз негизде Кыргызстанга вертолет жана бир нече өрт өчүрүүчү унаа тапшырат

Россия кайтарымсыз негизде Кыргызстанга вертолет жана бир нече өрт өчүрүүчү унаа тапшырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техника жакынкы арада жөнөтүлөт.   Өлкө башчы белгилегендей, ведомствого соңку жылдары бир дагы эл аралык уюм же башка өлкө тарабынан… Кененирээк…

Баткен облусунда эвакуацияланган 92 миң 521 адам өз үйлөрүнө кайтууда

Баткен облусунда эвакуацияланган 92 миң 521 адам өз үйлөрүнө кайтууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан коопсуз жерге 136 миңден ашык тургун көчүрүлгөн болчу.   Анын 36 миңи жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүнө жаткырылса, 4 миң адам атайын эвакуация түйүндөрүнө жайгаштырылган, 3 миң 800 жаран башка облустардагы туугандарыныкына… Кененирээк…

Арыктоого жардам бере турган өсүмдүктөр аталды

Арыктоого жардам бере турган өсүмдүктөр аталды. Салмакты түшүрүү боюнча адис Джозеф Сент-Пьердин айтымында, эң пайдалуу өсүмдүктөр – цуккини, брюссель капустасы, шпинат, бадыраң жана түстүү капуста. Алар С, В, К витаминине, калий, магний, омега-3 жана клетчаткага бай.   Арыктайм дегендер картошка, жүгөрү, ашкабак жана буурчактан такыр… Кененирээк…

Бишкекте 86 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Бишкекте 86 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Ишке орноштуруу башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында колдоо алгандар каражатты көбүнчө тигүү цехин ачууга жана тамак-аш жасап сатууга жумшай турган болду.   Эске салсак, долбоор февралда Кадамжай жана Жумгал райондорунда старт алып, кийин бардык… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8 чек ара түйүнү алынат

  Кыргыз-тажик чек арасындагы 8 чек ара түйүнү алынат. Мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун кечээ өткөн жолугушуусунда кабыл алынды.   Ташиевдин айтымында, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы жаңжалдарды жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.   Ал эми аймакты… Кененирээк…