Disney күйөрманы мультфильм каармандарынын сүрөтү менен кийимдерди сатып алууга 278 миң рубль коротту

Disney күйөрманы мультфильм каармандарынын сүрөтү менен кийимдерди сатып алууга 278 миң рубль коротту. The Mirror басылмасынын маалыматына ылайык, 32 жаштагы Ребекка Дэй 2018-жылы Париждеги Диснейлендке барып, ошондон бери күйөрман болуп келет.

 

Ал каармандардын сүрөтү менен байпактарды, оюнчуктарды, кийим, жаздык жана башка көптөгөн буюмдарды сатып алат.  Муну менен ал токтоп калбай, үйүн чыныгы музейге айлантуу ниетинде.