Бишкекте 86 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Бишкекте 86 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Ишке орноштуруу башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында колдоо алгандар каражатты көбүнчө тигүү цехин ачууга жана тамак-аш жасап сатууга жумшай турган болду.

 

Эске салсак, долбоор февралда Кадамжай жана Жумгал райондорунда старт алып, кийин бардык аймактарда кое берилди. 2 миң 800 үй-бүлөгө жалпысынан 292 миллион сом бөлүндү.