Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, социалдык келишимдин негизинде муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам берилүүдө. Маалыматка ылайык, учурда 2 миң 800 үй-бүлөгө каражат берилип, 14 миң адам жашоо шартын жакшыртты.
Бул максатта жалпы 280 миллион сом бөлүнгөн.
Анын алкагында жарандар күнөскана, таман таш жасоо, унаа оңдоо, тигүүчү жай, үй ремонттоо, тамак-аш жасоо же мал жандыктарды багуу менен алектенишүүдө.