Республикада курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө

Республикада курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Алсак, 3-октябрдан 9-октябрга чейин өлкөдө 4 миң 702 инфекция катталган.

Өткөн жумага салыштырмалуу өсүү 12 пайызды түздү.

Курч респиратордук инфекциялар туруксуз аба ырайы менен шартталышы мүмкүн.

Белгиленгендей, өлкөнүн бардык ооруканаларында бейтаптарды көрүүгө келгендерди кабыл алууга чектөө киргизилди.