Бишкекте таштанды үчүн тариф кымбаттайт. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев жарыялады. Анын айтымында, бул негизги баалардын көтөрүлүшүнө жана күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу.
Андан тышкары, “Тазалыкта” иштегендердин айлыгын көтөрүү керек. Андыктан, жакынкы арада тарифтерди жогорулатуу боюнча долбоор киргизилет, — деди Шамыралиев.