Туризм жана ипотекалык насыялоо тармактарына кийинки жылы 1 миллиард сомдон берилет

Туризм жана ипотекалык насыялоо тармактарына кийинки жылы 1 миллиард сомдон берилет. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетав билдирди. Анын айтымында, каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

 

Андан тышкары, казынада кийинки жылга карата Баткен облусуна 500 миллион сом каралды. Акча чек арага жакын жайгашкан айылдарды өнүктүрүүгө багытталат.