Өлкөдө башталгыч класстын окуучуларына айран берилет

Өлкөдө башталгыч класстын окуучуларына айран берилет.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, мындай мүмкүнчүлүк «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында мүмкүн болот.

Белгилүү болгондой, айран Чүй облусундагы 19 мектеп, Жалал-Абаддагы 26, Ош боюнча 64 мектеп жана Баткен облусундагы 15 мектептин башталгыч класстарына таратылат.

Ар бир окуучу күн сайын 40 граммдан кефир алат.

Алдыдагы беш жылдын ичинде жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен биргеликте Кыргызстандагы 400дөн ашык мектепти кефир менен камсыздоо көздөлүүдө, — деп айтылат маалыматта.