Ноокендин Достук айылында үч көчө таза суу менен камсыз болду

Ноокен районунун Достук айыл аймагында мектеп жана мечит курулуп, үч көчөгө таза суу чыгарылып берилди. Бул тууралуу Ноокен райондук администрациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук фонд тарабынан Шамалды-Сай айылындагы №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектепке 150 орундуу кошумча корпус жана Кормоцех айылына мечит курулуп, пайдаланууга берилди.

 

Мындан тышкары, Кулатов, Осмонов, Жаштык көчөлөрүнө таза суу тартылып, 238 кожолук таза ичүүчү суу менен камсыз болду.