Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам ушул жумада аткарылат

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам ушул жумада аткарылат. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.

 

Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.